АКИpress - Кыргызстан боюнча 16-апрелге карата аба ырайынын божомолу.
Кыргызгидромет билдиргендей, түн ичинде Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачынсыз болот.
Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түн ичинде +7...+12
күндүз +13...+18
Талас облусу
түн ичинде +4...+9
күндүз +12...+17
Баткен облусу
түн ичинде +8...+13
күндүз +15...+20
Ош, Жалал-Абад облустары
түн ичинде +8...+13
күндүз +15...+20
Ысык-Көл облусу
түн ичинде +3...+8
күндүз +14...+19
Нарын облусу
түн ичинде 0...+5
күндүз +16...+21
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн абанын температурасы +10...+12°, күндүз +16...+18° болот.
Чолпон-Атада түн ичинде жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн абанын температурасы +5...+7°, күндүзг +15...+17° болот.