АКИpress - Чыйырчык ашуусунда сары таш казуу менен алектенген «ЖолМедКен» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Калыйнур Жолонов аталган тилкени чалгындап, иштетүүгө карата алынган лицензия негизсиз кайра артка кайтарылып жатканын маалымдады. Ал бүгүн, 15-апрелде «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында президент Садыр Жапаровдун Алай районунун эли менен болгон жолугушуусунда ага сөз берилбегенин айтып, жеке кабыл алуусун өтүнүп, укук коргоо органдарына кайрылуу жасады.
Анын айтымында, компания 2015-жылы изилдөөгө уруксат алган, бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам 2 жылга максатталган чалгындоо иштери 7 жылга созулган.
«Гүлчөнүн жетекчилигине, акимиатка 100дөн ашык жолу жазуу жүзүндө да, оозеки да кайрылдык, майнап чыкпады. Жергиликтүү бийлик бут тосуп жатат. 13-апрелде президентке жасалган кайрылуудан кийин аталган тилкенин максаттуу багытын текшерүү боюнча тапшырма берилди. Бирок президенттин өкүлү андан 4 күн мурда эле — 9-апрелде лицензияны кайтаруу боюнча сунуштама жөнөткөн. Ал катта жүйөө көрсөтүлгөн эмес», - деди ал.
Ишкер компаниянын үлүштөрү бар 3 негизги уюштуруучусу бар экенин белгилеп, алардын катарында Маммүлктүн алдындагы «Жалал-Абад Кен Байлыктары» компаниясынын да 33%дык үлүшү бар экенин кошумчалады.
Анын айтымында, бул жылдар аралыгында компания бюджетке 15 млн сом которгон. Мындан тышкары айылдын тургундарына социалдык пакет катары кирешеден жылына 6,5 млн сом бөлүү каралган.
Дарегине 50-60 адам тарабынан арыз жазылганын айткан Жолонов жергиликтүүлөрдүн каршы чыгуусунан улам чыгашага жана белгиленгенден аз тилкеде аткарылганына карабай чалгындоо жасалганын айтып, процессти баштоого тиешелүү органдардын корутундулары болгонуна карабастан компания жана мамлекет кирешеден негизсиз кол жууп отурганын белгиледи.
Жаран укук коргоо органдары анын көйгөйүн карап берүүсүн өтүндү.