15:55, 15-апрель, 2026

Кыргыз футбол биримдигинин жаңы аткаруу комитети шайланды

На русском
13:03, 15-апрель, 2026 (Жаңыланды: 13:03, 15-апрель, 2026) 448

АКИpress - Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин жаңы курамы белгилүү болду.

КФБнын кезектеги конгресси бүгүн, 15-апрелде Бишкек шаарында өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында биринчи вице-президент, үч вице-президент жана аткаруу комитетинин 8 мүчөсү шайланды.

Айгерим Сабралиева жана Тимур Ибрагимов аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө талапкерлигин кайтарып алышты. Ал эми мурунку курамдагы Бахадыр Кочкаров, Максат Бейшембаев жана Максим Чо жаңы курамга кирген жок.

Жаңы президентти шайлоо маселеси талапкерлердин жоктугуна байланыштуу күн тартибинен алынды. Жаңы президент шайланганга чейин КФБ башчысынын милдетин биринчи вице-президент Нурдин Букуев аткарат.

КФБнын 2026-2030-жылдарга карата курамы:

Биринчи вице-президент — Нурдин Букуев;

Вице-президент — Кайрат Эгембердиев;

Вице-президент — Мирлан Акжигитов;

Вице-президент — Жылдыз Таалайбек кызы.

Аткаруу комитетинин мүчөлөрү:

Аскар Салымбеков;

Азат Сакебаев;

Асылбек Кадралиев;

Өмүрбек Бабанов;

Эмил Кутманов;

Уланбек Ногаев;

Канатбек Абдыкадыров;

Кудайберди Кожобеков.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»