04:02, 16-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
00:07, 15-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Президент Өзгөндүн тургундары менен жолугушту
13:38, 15-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
«АКИpress'ке» жумушка чакырабыз
21:26, 15-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
4 млн сомго жакын алдамчылыкка шектелгендер кармалды

АКШ Ирандын портторун толук блокадалап, деңиз соодасын токтотту

12:49, 15-апрель, 2026 488

АКИpress - АКШ Ирандын портторуна карата блокаданы толук киргизгенин жана Иран менен деңиз соодасын токтотконун билдирди. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) маалымдады.

CENTCOM командачысы Брэд Купердин айтымында, алгачкы суткада бир да кеме блокаданы жарып өтө алган эмес. Алты соода кемесине Оман булуңундагы Иран портуна кайра кайтуу буйругу берилген. Ошол эле учурда «CNBC» аналитиктерге таянып, блокаданын биринчи күнүндө кеминде эки кеме Ормуз кысыгы аркылуу өтүп кеткенин жазды. Алардын бири кытай компаниясына таандык танкер болгону айтылууда.

АКШ Ирандын портторуна кирген же ал жактан чыккан кемелерге карата блокаданы 13-апрель күнү кечинде баштаган. Башка өлкөлөрдүн портторуна бара жаткан кемелерге бул чектөө жайылтылбайт. Азык-түлүк, дары-дармек сыяктуу гуманитардык жүктөр текшерүүдөн кийин өткөрүлүшү мүмкүн.

Иран тарап бул блокада натыйжа бербей турганы билдирди. Ага Россия, Кытай, Улуу Британия сыяктуу айрым өлкөлөр жана бир катар компаниялар да каршы чыккан. ЖМКлардын маалыматына караганда, Сауд Арабиясы жана Жакынкы Чыгыштагы башка мунай экспорттоочу өлкөлөр да абалдын дагы курчушунан чочулап жатышат.

АКШ президенти Дональд Трамп блокада тууралуу Исламабаддагы Иран менен сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктагандан кийин жарыялаган. Учурда сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүү маселеси каралып жатат жана ал ушул жумада өтүшү мүмкүн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»