АКИpress - 2027-жылкы футбол боюнча Азия кубогунун чүчүкулак кармоо аземи 9-майда Эр-Рияд (Сауд Арабия) шаарында өтөт. Бул тууралуу «Футболиум» Телеграм каналы билдирди.
Алгач чүчүкулак кармоо 11-12-апрелге пландалган, бирок Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу жылдырылган. Учурда 24 катышуучунун 23ү белгилүү. Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерден улам Ливан менен Йемендин ортосундагы беттеш 4-июнга калтырылды.
Кыргызстандын улуттук курама командасы катары менен үчүнчү жолу Азия кубогуна жолдомо алган.