19:09, 15-апрель, 2026

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы катыша турган Азия кубогунун чүчүкулагы 9-майда өтөт

На русском
12:44, 15-апрель, 2026 181

АКИpress - 2027-жылкы футбол боюнча Азия кубогунун чүчүкулак кармоо аземи 9-майда Эр-Рияд (Сауд Арабия) шаарында өтөт. Бул тууралуу «Футболиум» Телеграм каналы билдирди.

Алгач чүчүкулак кармоо 11-12-апрелге пландалган, бирок Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу жылдырылган. Учурда 24 катышуучунун 23ү белгилүү. Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерден улам Ливан менен Йемендин ортосундагы беттеш 4-июнга калтырылды.

Кыргызстандын улуттук курама командасы катары менен үчүнчү жолу Азия кубогуна жолдомо алган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»