03:00, 16-апрель, 2026

ӨКМ менен «Росатом» «Кристалл» заводундагы химиялык калдыктарды зыянсыздандырат

На русском
12:41, 15-апрель, 2026 370

АКИpress - Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы «Кристалл» заводунун өнөр жай аянтчасында топтолгон химиялык заттарды жоюу долбоорун ишке ашырууну талкуулашты, деп билдирди «Росатом».

«"Кристалл" заводундагы кырдаал экологиялык көз караштан алганда татаал бойдон калууда жана комплекстүү чечимдерди талап кылат. Биздин биринчи кезектеги милдетибиз – Таш-Көмүр тургундарынын ден соолугуна болгон тобокелчиликтерди жоюу жана бул аймактагы өзгөчө кырдаал режимин токтотуу», - деди өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев.

Анын айтымында, белгиленген мөөнөттө аянтчаны коопсуз абалга келтирүүгө мүмкүндүк берген технологиялык стратегия аныкталды.

Биринчи баскычтын жүрүшүндө заводдун аймагында жайгашкан технологиялык жабдыктар коопсуз экологиялык абалга келтирилет. Жумуштарды суук мезгилде гана жүргүзүү, ошондой эле жабдыктарды ачкандан кийин аба киргизбей, газ аралашмасын чыгаруу процессти коопсуз өткөрүүнү камсыздайт жана атмосферага компоненттердин учуп чыгуу тобокелчилигинин алдын алат.

«Таш-Көмүрдөгү маселени чечүү үчүн "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын ишканасы болгон ФГУП "ФЭО" эксперттери 8 түрдүү зыянсыздандыруу технологиясын иштеп чыгып, эң натыйжалуу жана коопсуз чечимди тандашты. Биз аварияга каршы коргоонун кош контурун куруп, ар бир баскычта көз карандысыз мониторингди камсыз кылабыз», - деди «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын экология чөйрөсүндө мамлекеттик жана тармактык программаларды ишке ашыруу боюнча дирекциясынын директору Андрей Лебедев.

Сунушталган технологиялык регламент учурда Улуттук илимдер академиясында каралууда.

Өнөр жайдын негизги объекттеринин бири катары 1989-жылы поликристаллдык кремний өндүрүү үчүн курулган «Кристалл» заводунун өндүрүштүк аянтчасы, айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна коркунуч келтирген химиялык өндүрүштүн калдыктары топтолгонуна байланыштуу жогорку экологиялык кооптуулук объекттердин катарына кирет. 2010-жылдан бери ишкана банкрот деп табылган.

2024-жылдын октябрында «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын ишканасы ФГУП «ФЭО» аймакка техникалык аудит жүргүзгөн, анда резервуардын учурдагы абалынын эскирүү даражасы аныкталган (цехтердин 4 имаратында 49 жабдык бар, анда 155 тонна коркунучтуу химиялык заттардын калдыктары, анын ичинде трихлорсилан жана кремний тетрахлориди бар экендиги же бар болуу ыктымалдуулугу жогору экени тастыкталган). Адистердин баамында, технологиялык жабдыктар узак убакыттан бери иштебегенине байланыштуу эскирүү абалында турат. Бул алардын бузулушуна жана герметикалуулугунун жоголушуна алып келет. Ошондой эле, өндүрүштүк цехтерде хлорду камтыган заттардын калдыктары сакталып калган, алар аба менен реакцияга киргенде кооптуу жана уулуу кошулмаларды пайда кылат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»