АКИpress - Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын капитаны Эрназар Акматалиев АКШнын «Real American Freestyle» («RAF») лигасы менен келишим түздү.
«RAF» — бул элиталык спортчулар үчүн шоу катары уюштурулган жаңы америкалык эркин күрөш лигасы катары жарыяланган. Лига «UFC» жана күрөш жылдыздарын өзүнө тартат.
Акматалиев 31-майда Даллас шаарында (Техас штаты) өтө турган турнирде алгачкы беттешине чыгат. Анын атаандашы 2023-жылдагы дүйнө чемпиону Зеин Ризерфорд болот.