00:55, 16-апрель, 2026

Бишкекте Ала-Арча суу сактагычынын жээгине видеокамералар орнотулат

На русском
11:35, 15-апрель, 2026 316

АКИpress - 15-апрелде Бишкек шаарындагы Ала-Арча суу сактагычынын жээгине текшерүү жүргүзүлдү.

Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын башчысы Медетбек Нарбек уулунун айтымында, аймак жакында эле тазаланганына карабастан, тургундар ал жерге кайрадан таштанды таштап жатышат. Ал көрүлгөн чараларга карабай, көйгөй чечилбей жатканын белгиледи.

Буга чейин аталган аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн №304 муниципалдык аймактык башкармалыгына (МАБ) 23 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Тазалоого чейинки аймактын сүрөтү:

Медетбек Нарбек уулунун марттын аягында бул жер курулуш жана турмуш-тиричилик калдыктарына толуп турганын эске салды. Жакын арада бул аймакка видеобайкоо камералары орнотулуп, алар «Тазалык» муниципалдык ишканасынын базасына туташтырыла турганын билдирди.

Тазалоодон кийинки аймактын сүрөтү:

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»