01:06, 16-апрель, 2026

Убактылуу кызматтан алынган УКМКнын кызматкери үй камагында калтырылды

На русском
11:28, 15-апрель, 2026 490

АКИpress - Бишкек шаардык соту 15-апрелде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелген УКМКнын кызматкерине карата бөгөт чарасын карады. Бул тууралуу «АКИpress» редакциясына шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Экинчи инстанция Р.Б.Ш. аттуу жаранды үй камагында калтырды.

Аскер прокуратурасы 12-мартта УКМКнын кызматкерин кармап, гауптвахтага киргизген. 14-мартта Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

Кийинчерээк УКМКнын басма сөз кызматы ал тергөө жүрүп жаткан мезгилде кызматынан четтетилгенин билдирген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»