22:38, 15-апрель, 2026

Быйыл январь-февралда орточо айлык эмгек акы 45 734 сомго жетти

На русском
11:26, 15-апрель, 2026 382

АКИpress - 2026-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанда орточо айлык номиналдык эмгек акы 45 734 сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,7%га көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрайымынын биринчи орун басары Назира Керималиева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эмгек акынын эң чоң өсүшү айыл чарба, энергетика, кесиптик жана техникалык ишмердүүлүк, кыймылсыз мүлк менен операциялар, мамлекеттик башкаруу, коргоо жана финансылык ортомчулук тармактарында катталган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»