22:33, 15-апрель, 2026

10-майдан баштап 1 ай бою облус жетекчилери элдин арыз-муңун угат, - президент

На русском
11:20, 15-апрель, 2026 1555

АКИpress - 2-3 күндөн бери Ош облусун кыдырып жүрүп жергиликтүү калктын көйгөйү, арыз-муңу жергиликтүү бийликтин деңгээлинде чечиле турган маселе экенин түшүндүм, деди президент Садыр Жапаров кечээ, 14-апрелде Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушуу учурунда.

«Ошону эске алып, тапшырма бердим. Азыр иштеп чыгып жатышат графигин. Май майрамдарынан кийин 10-майдан баштап 1 ай бою облустун жетекчилери, райондун жетекчилеринин ар бири, шаарлардын жетекчилери, айыл өкмөттөргө барып, 3 сааттан кем эмес ар бир айыл өкмөттө элдин арыз-муңун угат. Ушундай маселелерди угат, чечет. Ошондо бүт ӨКМди да кошкула. Бардык жетекчилер болсун, облустук деңгээлдеги. Мага да айткан экен, курултайда да айткан экен, силер эбак барып карап көрүшүңөр керек эле да», - деди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»