18:55, 15-апрель, 2026

Мурда жылына 200 чакырым жол жасалса, азыр 1500 чакырымга чейин жасалууда, - президент

11:09, 15-апрель, 2026 236

АКИpress - Кечээ, 14-апрелде президент Садыр Жапаров Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушуу учурунда мурда жылына 200 чакырым жол асфальтталып келсе, акыркы жылдары бул көрсөткүч 1500 чакырымга жеткенин билдирди.

«Жол боюнча силер айтпасаңар дагы ар бириңердин айылыңарга чейин асфальт жеткизебиз. Ар бир айылдын ар бир көчөсүнө жеткен күн келет. Мурда жылына 200 чакырым жол салчу экенбиз. Азыр март айынан октябрга чейин 1 500 чакырым жол салынып жатат. Былтыр 1500 бастык, быйыл дагы андан кем асфальт баспайбыз. Балким 2000ге чейин басабыз күндүн жылуулугуна карата. Битумдарды да алып келип алганбыз, запастарыбыз көп. Марттан октябрга чейин тынымсыз асфальт басабыз. Ушинтип жылып отуруп канча жылда билбейм, биз деле өнүккөн өлкөлөрдөй сыяктуу мисалы, Германияга барсаң токойлордун ичи, тоо-таштарына, айылдарына болгон жолдун баары асфальт. Биз ошого жетебиз, ошого бара жатабыз. Болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Көрүп жатасыздар жайлоолорго чейин жолдорду жеткизип жатабыз го. Туристтик зоналарга чейин. Биринчи эл аралык категориядагы жолдорду биринчи бүтүрүп алалы, анан айылдарга киребиз», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»