04:33, 16-апрель, 2026

Президентке Ош—Алайкуу авиакаттамын жандантуу сунушталды

На русском
10:53, 15-апрель, 2026 325

АКИpress - Кечээ, 14-апрелде президент Садыр Жапаров Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушуу учурунда жергиликтүү тургун калктын көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.

Ал стратегиялык мааниге ээ Кыргызстан—Алайкуу—Кытай жолунун 54 чакырымы быйыл жасалышын көзөмөлгө алууну суранды. Ал ошондой эле мурда Алайкуу—Ош авиакаттамы болгонун айтып, аны жандантууну да өтүндү.

«Анын ролу өтө чоң. Анткени Алайкуудан райондун борборуна 6-7 саатта келебиз. Оорулуу адамдар, кош бойлуу келиндер кыйналып жатат. Аэропортубузду калыбына келтирип берсеңиз болот, анын орду даяр», - деди ал.

Ал ошондой эле сугат маселесине токтолду.

«Койчу-Ата айылындагы Керек-Талаа тилкесинде 400 га жер кургак болуп калды. Жанында 150 м жерде дарыя агат, ага суу чыкпай калды», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»