14:09, 15-апрель, 2026

Кара-Кулжанын райондук ооруканасында 105 керебетке 350гө чейин бейтап жатат, - тургун

На русском
10:33, 15-апрель, 2026 269

АКИpress - Кара-Кулжа райондук ооруканасынын педиатр дарыгери мекемедеги орундардын санын көбөйтүүнү суранды. Кечээ, 14-апрелде президент Садыр Жапаров менен өткөн жолугушууда жергиликтүү тургун оорукана союз тараганга чейин 450 орундуу болуп иштеп келгенин, учурда анда 105 орун бар экенин белгиледи.

«Ошол 105 керебетке 350гө чейин бейтап жатып жатат», - деди ал.

Президент аталган оорукананы 340 орундуу кылуу планы кийинки жылдын бюджетине киргизүү чечими кабыл алынганын айтты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»