АКИpress - Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылынын тургуну 500 метрлик көпүрөнү жаңылап берүүнү өтүндү. Бул тууралуу ал 14-апрелде президент менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, Кара-Кулжанын 70%ын бириктирген көпүрөгө 70 жылдан ашкан. Мындан улам ал эскирип, жергиликтүүлөр жолду айланып өтүүгө мажбур болууда.
Президент Садыр Жапаров быйылкы жылга каралган бюджетке өзгөртүү кирбестигин белгилеп, транспорт министрине аталган көпүрөнү 2 тилкелүү кылып жасоо долбоорун кийинки жылдан планына киргизүүнү тапшырды.