17:37, 15-апрель, 2026

Кара-Кулжанын 70%ын бириктирген көпүрө кийинки жылы жаңыланат

10:25, 15-апрель, 2026 238

АКИpress - Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылынын тургуну 500 метрлик көпүрөнү жаңылап берүүнү өтүндү. Бул тууралуу ал 14-апрелде президент менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кара-Кулжанын 70%ын бириктирген көпүрөгө 70 жылдан ашкан. Мындан улам ал эскирип, жергиликтүүлөр жолду айланып өтүүгө мажбур болууда.

Президент Садыр Жапаров быйылкы жылга каралган бюджетке өзгөртүү кирбестигин белгилеп, транспорт министрине аталган көпүрөнү 2 тилкелүү кылып жасоо долбоорун кийинки жылдан планына киргизүүнү тапшырды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»