18:55, 15-апрель, 2026

Укук коргоочунун кейпин кийген шылуун аял кишини алдап кеткен

На русском
10:20, 15-апрель, 2026 292

АКИpress - Алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын 15-апрелде Ленин райондук милициясы билдирди.

Арыз ээсинин айтымында, коомдук уюмдун мүчөсү ага турак жайды кайтарып алуу боюнча юридикалык жардам көрсөтүүнү убада кылган. Адегенде кызмат үчүн 20 миң сом берген, бирок кийинчерээк прокуратурага, тергөө органдарына жана сотко баруу үчүн акча талап кылышкан. Келтирилген жалпы зыян 360 миң сомду түзгөн.

Бул факты алдамчылык боюнча катталган.

Милиция кызматкерлери 1959-жылы туулган П.У. аттуу шектүүнү кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кармалган жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендигин четке какпайт. Ошондуктан шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккендерди же кандайдыр бир маалыматы барларды 0706 150 797 же 102 телефондоруна кабарлап коюуну суранат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»