20:10, 15-апрель, 2026

Чыңгыз Айдарбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө

На русском
09:18, 15-апрель, 2026 707

АКИpress - Чыңгыз Айдарбековго тышкы иштер министри болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

14-апрелде анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Милициянын маалыматына ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчилери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.

Мурдагы тышкы иштер министри А.Ч.А. кызматта турган мезгилде министрликтин айрым кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга байланыштуу бир катар мыйзам бузууларга жол берген.

«Тактап айтканда мыйзамсыз сарптоо, айрым чыгымдардын суммасын ашыкча көрсөтүү, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын тийиштүү документтерсиз же жалган документтерди пайдалануу менен эсептен чыгаруу, ошондой эле акчаны түзүмдөр аркылуу менчиктеп алуу фактылары орун алган», - деп билдиришти ИИМден.

Тергөө кызматы бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгоду.

Айдарбековго айып тагылып, өлкөдөн чыкпоо тил каты алынды.

«Учурда ишти ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтеп, бардык жагдайларды аныктоо, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүрүп жатат», - дейт ИИМ.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»