04:36, 16-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
15:17, 14-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Жогорку Кеңешке 19-округдан жаңы депутат келди
09:45, 15-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Эдил Байсаловдун ордуна ким дайындалды?
15:51, 15-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Видео — Камчыбек Ташиев дагы бир кызматын тапшырды
15:03, 15-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
ИИМ Чыңгыз Айдарбеков боюнча жаңы маалымат таратты
18:09, 15-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Си Цзиньпин Трамптын айыптоолорун четке какты

Үйүндө тинтүү жүргөн Чынгыз Айдарбеков тууралуу эмне белгилүү?

На русском
23:54, 14-апрель, 2026 1544

АКИpress - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыңгыз Айдарбековдун үйүндө 14-апрелде «Сводка АКИpress» басылмасынын булактары кабарлагандай, тинтүү жүрдү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тергөө иш-чараларын ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

«АКИpress» саясатчынын өмүр баянынан бир нече фактты чогултту.

Айдарбеков Чыңгыз Азаматович 1977-жылы 27-октябрда Бишкекте туулган.

  • Ал кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири 1938-жылы репрессияга учураган коомдук жана саясий ишмер Иманали Айдарбековдун небереси.
  • Атасы Азамат Эгембердиев – медицина илимдеринин доктору, Россиянын Илимдер академиясынын Онкология борборунун жетекчиси.
  • Айдарбековдун апасы Зифаргүл Мусулманкуловна – Ахунбаев атындагы КММАнын гистология, цитология жана эмбриология кафедрасынын башчысы.
  • Айдарбеков жубайы Асел Базаркулова менен 3 баланын ата-энеси. Жубайынын кесиби юрист.
  • 1998-жылы Айдарбеков Кыргыз эл аралык университетин эл аралык мамилелер адистиги боюнча аяктаган. 2001-жылы дал ушул окуу жайдан юриспруденция адистиги боюнча магистр даражасын алган. Эки жыл мурда КРСУнун аспирантурасын аяктаган. Юридика илимдеринин кандидаты. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйт.
  • Эл аралык кылмыш-укук, адамзаттын тынчтыгына жана коопсуздугуна каршы кылмыштар боюнча 10дон ашык илимий макаланын автору.
  • Карьералык жолун 1998-жылы Тышкы иштер министрлигинде атташе болуп баштаган. Өзбекстандагы (2005–2008-жж.) жана Түркмөнстандагы (2008–2010-жж.) Кыргызстандын элчилеринин кеңешчиси, ошондой эле Японияда элчи (2016–2018-жж.) болуп иштеген.
  • 2018-жылдын 17-октябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин тышкы иштер министри кызматын аркалаган.
  • 2021-жылдан 2025-жылга чейин «Альянс» саясий партиясынан VII чакырылыштагы ЖК депутаты болгон.
  • №21 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин жаңы чакцрылышынын депутаты болушу мүмкүн, анткени Кубанычбек Конгантиев Борбордук шайлоо комиссиясына ыйгарым укуктарын тапшыруу ниетин билдирген. Ушул округдагы талапкерлердин катарында алган добуштары боюнча кийинки орунда Чынгыз Айдарбеков 6259 добуш менен турат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»