АКИpress - Ош шаарында баңгизат таркатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду, деп билдирди 14-апрелде Ички иштер министрлиги.
8-апрелде Ош шаарында жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизат сатуу менен алектенген 1976-жылы туулган А.И.Т. аттуу жарандын жанынан гашиш табылып алынган. Андан ары жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө А.И.Т.нын шериги — 1976-жылы туулган Ш.Н.А. аттуу жаран кармалган. Анын жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, гашиш баңгизаты табылган. Мындан тышкары “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралга тиешелүү 7 даана ок жана "АКМ" үлгүсүндөгү автоматтын 3 даана огу табылып алынган. Ошондой эле уктоочу бөлмөсүнөн 49 миң 500 доллар жана 10 000 сом табылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Тергөө уланууда.