АКИpress - Өзгөн районунда алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын карамагындагы Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.
Өзгөн райондук бөлүмүнүн кароосунда П.М. аттуу жарандын кирешесинин 1/3 бөлүгүн балдардын тарбиясы үчүн алимент катары өндүрүү боюнча Т.П. аттуу жарандын пайдасына аткаруу өндүрүшү каралып жаткан.
«Ага алиментти ыктыярдуу төлөө боюнча бир нече жолу сунуштамалар берилген, бирок талаптар аткарылбай, алимент боюнча карызы 279 миң 180 сомду түздү», - деп белгилешти аталган кызматтан.
Алимент төлөөдөн качкандыгына байланыштуу материалдар КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси боюнча жоопкерчиликке тартуу маселесин чечүү үчүн сотко жөнөтүлгөн.
8-апрелде Өзгөн райондук сотунун өкүмү менен П.М. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркинен ажыратылды.