АКИpress - АКШ Иранга ядердик ишмердүүлүктөн толук баш тартууну эмес, аны 20 жылга «убактылуу токтотууну» сунуштаган. Бул тууралуу «The New York Times» басылмасы өз булактарына таянып жазды.
Мындай шарт Тегеранга уранды байытуу укугунан биротоло баш тартпоого мүмкүнчүлүк бермек. Басылманын маалыматына караганда, Иран бул мөөнөттү 5 жылга чейин кыскартууну каалаган. Ушуга окшогон сунуш февралда Женевадагы сүйлөшүүлөрдө да талкууланган.
NYT жазгандай, бул Дональд Трамптын кийинчерээк аскердик жолго ыкташынын себептеринин бири болгон. Азыр да тараптардын ортосунда бир катар олуттуу пикир келишпестиктер бар.
Алардын арасында Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин эркин өтүшү жана Ирандын «ХАМАС» менен «Хезболла» сыяктуу союздаш топторду колдоосун токтотуу маселеси бар. Бирок негизги талаш Ирандын ядердик программасы, объекттерди демонтаждоо жана күйүүчү май запастарын чыгарып кетүү маселеси бойдон калууда.
АКШ делегациясын жетектеген вице-президент Жей Ди Вэнс Пакистандагы сүйлөшүүлөр жаман өтпөгөнүн айтып, эми чечим Иранга байланыштуу экенин билдирди. Анын айтымында, негизги суроо — Тегеран жетиштүү ийкемдүүлүк көрсөтө алабы деген маселе. Кийинчерээк Трамп соцтармактагы баракчасында «The New York Times» басылмасын сынга алды. Ал гезит Иран боюнча кырдаалды бурмалап, жалган маалымат таратып жатканын жазды.
АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү 11–12-апрелде Исламабадда өтүп, бирок жыйынтыксыз аяктаган. Андан кийин Трамп Иран портторун блокадалоону жарыялаган. Ал эми Иран дүйнөдөгү эң маанилүү мунай жеткирүү жолдорунун бири болгон Ормуз кысыгын бөгөттөөнү улантууда.