23:07, 15-апрель, 2026

Алайдын тургуну Чыйырчык ашуусунда мыйзамсыз казуу иштери жүрүп жатканын билдирди

На русском
14:33, 14-апрель, 2026 695

АКИpress - Алай районунун Ташкоро айылынын тургуну Чыйырчык ашуусунан курулушка керектеле турган материал мыйзамсыз казылып жатканын билдирди. Бул маселе кечээ, 13-апрелде президент менен өткөн жолугушууда көтөрүлдү.

«Чыйырчык ашуусу Алай менен Чоң-Алай райондорунун босогосу болуп эсептелет. Курултайда убакыт аз болуп, толук айта албай калгам. Көрктөндүрүү боюнча жарлыгыңыздын алкагында жакында миң көчөт тиктик. Биздин ошол бир эле жайлообуз бар, жайытыбыз. Ушуну казам деген "Нуртеит" деген фирма бар. Амалкөй бала экен, бир туруп каяктагы фирмалардын атын коюп, кайра аны жок кылып, башка фирманы... Сары таш казам деп ошол жайытыбызды ар жерден ойгулап салган.

Анан бул жерде тарыхый күмбөз бар. Тилеке баатыр дегендин байбичеси Кыңгырактын күмбөзү ошол жерде жайгашкан. Анан жакында дагы балдар тартып келишти, ташка жазылган тарыхый жазуулар бар экен. Муну да изилдедим. Ата-бабаларыбыз жайлоого, кыштоого көчүп жүрүп, жайында өтүп кеткен балдарын ошол жерге көмүп, "Бала бейит" деп аталып калган ал жер. Ушундай жерибизди каздырып, биз каякка барабыз? Өзү тиричилигибиз мал-чарбачылык болсо», - деди тургун.

Президент акимге эгер жер жайыт болсо чара көрүүнү тапшырды.

«Аким түшүндүңүз да, эгерде чындап эле тоо-таш эмес, жайыт жерде болсо, каздырбагыла. Анан суунун жээктерин каздырбагыла», - деди ал.

Ал эми президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев казууга берилген 2 лицензияны кайтаруу чечими кабыл алынганын кошумчалады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»