21:41, 14-апрель, 2026

Чуңкурчакта өрт чыкты

На русском
13:27, 14-апрель, 2026 442

АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосундагы тоонун капталында кургак чөп, арча күйүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 12:11де өрттү өчүрүү үчүн Октябрь районунун №5 өрт-куткаруу бөлүгүнүн 1 өрт өчүрүүчү тобу, Аламүдүн районунун №1 өрт-куткаруу бөлүгүнүн 5 куткаруучусу бар 1 авариялык-куткаруучу унаасы жана Чүй облусу боюнча ӨКМ башкармалыгынын жетекчиси баштаган ыкчам топ тартылган.

Өрттүн чыгуу себептери тууралуу маалымат кийинчерээк берилет, деп кошумчалашты ӨКМден.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»