10:27, 15-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:45, 15-апрель, 2026 (132 адам окуп жатат)
Эдил Байсаловдун ордуна ким дайындалды?
15:09, 14-апрель, 2026 (18 адам окуп жатат)
30 жаштагы Момбеков вице-мэр болду
10:31, 13-апрель, 2026 (13 адам окуп жатат)
Президент кимдерге жер бекер бериле турганын айтты

Нарында бир нече адам “Йакын-Инкардын” идеологиясынан бар тартты

На русском
13:21, 14-апрель, 2026 295

АКИpress - Нарын шаарында бир нече адам “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартышты.

УКМК билдиргендей, 13-апрелде Нарын шаарында “Йакын-Инкардын” тарапташтарына карата түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

«Анын жүрүшүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү диний ажырымга жол бербөөнүн маанилүүлүгүн жеткиришип, ошондой эле коомдук ынтымакты сактоонун зарылдыгын белгилеп, ханафий масхабына негизделген салттуу исламды кармануунун маанисин түшүндүрүштү.

Мындан улам “Йакын-Инкардын” тарапташтары өз ыктыяры менен аталган уюмдан баш тартып, ишенимдери зыяндуу жана ката экенин моюнга алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Аалымдар кеңешинин чечимдерин жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын талаптарын аткарууга даяр экендиктерин билдиришти», - деп айтылат расмий маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»