АКИpress - Ош—Эркечтам жолу Алай районунун 70-80%ы аркылуу өтөт. Бул жолдо кырсык аябай көбөйүп кетти, деди кечээ, 13-апрелде Алай районунун тургуну президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда.
«КамАЗ жеңил унаадан көп. Бир күндө 5-10 адам кырсыкка учурап жатат. Ушуну көзөмөлгө алып берсеңиз, муну чечүүнүн эки жолу бар деп ойлойм.
Биринчиси, 2026-жылга жолубуз 4 тилкелүү болуп кирди. Ошону өзүңүз көзөмөлдөп, 2026-жылга канча километрге болсо да узартылса.
Экинчи жолу Ош—Гүлчө жолунда Каратай деген айылыбыз бар. Каратай айылы, Кара-Суу районуна карайт. Ошол жерде КамАЗдар токтогон жер анан тараза бар.
Ошол жерде күнү-түнү тыгын. Кээде түнү өтө албайсың, КамАЗдар өтө көбөйүп кетти. Ошону Алай районундагы Сарыташка жылдырып берсеңиз, Кара-Тайдагы тыгын жок болот деген ойдобуз, - деди ал.
Президент маселе караларын убадалады.
«Төрт тилкелүү жол кылганга аракет кылып атабыз. Эл аралык жолдордун баарын ошондой кылабыз. Анан эми Кара-Тайдан унаа токтотуучу жайды көчүрүү боюнча... Аны карап көрөлү», - деди ал.