20:54, 14-апрель, 2026

Америка менен Ирандын экинчи сүйлөшүүсү 16-апрелде өтүшү мүмкүн, - «Associated Press»

На русском
12:41, 14-апрель, 2026 295

АКИpress - Америка-Иран сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасын өткөрүү талкууланууда. Бул тууралуу «Associated Press» агенттиги булактарга шилтеме кылып билдирди.

Агенттик билдиргендей, жолугушуунун орду жана убактысы азырынча аныктала элек, бирок сүйлөшүү 16-апрелде өтүшү мүмкүн. Пакистандын борбору Исламабад шаары каралууда. Ошондой эле Женева да варианттардын арасында бар.

Буга чейин «The Atlantic» агенттигинин журналисти Араш Азизи Тегерандагы булакка шилтеме кылып, Иран менен АКШнын ортосундагы кийинки түз сүйлөшүү 16-апрелде Исламабадда өтүшү мүмкүн экенин билдирген.

Мурунку сүйлөшүү 11-апрелде Исламабадда өттү. Иран делегациясын парламенттин спикери Мохаммад Багер Галибаф, АКШ делегациясын вице-президент Жей Ди Вэнс жетектеген.

12-апрелде Ирандын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүү натыйжасыз аяктаганын, бирок тараптар бир катар позицияларды макулдаша алганын билдирген. 

«Financial Times» гезитинин маалыматы боюнча, сүйлөшүү Ормуз кысыгын көзөмөлдөө талашынан улам токтоп калган. Тегеран АКШнынн биргелешип башкаруу сунушун четке кагып, толук эгемендүүлүктү талап кылып, кемелердин өтүүсү үчүн акы алууну талап кылууда.

12-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгын блокадалоо ниетин билдирген. 13-апрелде «The Wall Street Journal» гезити блокадага 15тен ашык америкалык аскер кемеси тартылганын кабарлаган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»