18:42, 14-апрель, 2026

Чоң-Алайдын тургуну туу чыгаруу боюнча бардык тапшырыктарды кабыл алууга даяр экенин билдирди

10:51, 14-апрель, 2026 145

АКИpress - Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылынын Жаныш аттуу тургуну туу чыгаруу менен алектенген ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүүнү суранды.

«Эң чоң тууну өзүмдүн ишканамада өндүрүп даярдап, ушул өлкөнүн ынтымагы үчүн белек катары тартууладым. Анан азыр мен сизге кайрыларым, ушул мамлекеттик тууну жасоого менин уруксат кагазым болбой жатат. Экономика министрлигине, Маданият министрлигине, Жогорку Кеңешке, ар-кайсы жерлерге кат жазганымда бардык иш жүргүзүү боюнча уруксат кагаздары берилет экен. Бирок ушул мамлекеттик атрибуттарды жасоого сиз гана уруксат берет экенсиз. Менин кайрылуум дагы ошо», - деди ал.

Ажо аталган жаран «Ала-Тоо» аянтындагы тууну жасаганбы деп тактады.

«Биринчисин — Эгемендүүлүк күнүндө сиз көтөрткөндү мен жасап бергенмин. Мекемем Ошто. Баягы эми баягы сноско учурап калган. Эми ал боюнча сизге кайрылбайм деле, өлкөдө андан башка көйгөй көп», - деди ал.

Желектердин бардыгына тапшырык берилсе, ал жасап берип турабы? деп суроо узатты президент.

«Ооба. Убактыңыз болсо, "Ынтымак-Ордодо" беш мүнөткө кабыл алсаңыз. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү менен алекетенемин. Бирок азыр бардык тармактарда кадрлар жетишсиз. Мен азыр курулушта иштей албаган, мисалы баса албаган же мүмкүнчүлүгү чектелген 20-30 баланы иштетем», - деди ал.

Президент басма сөз катчысы Аскат Алагөзовго тапшырма берди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»