22:31, 14-апрель, 2026

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал 32 млн адамды жакырчылыкка кептеши мүмкүн

10:49, 14-апрель, 2026 429

АКИpress - Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын күчөшү жана анын экономикалык кесепеттеринен улам дүйнөдө болжол менен 32 млн адам жакырчылыкка кептелиши мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын баяндамасында айтылат.

Уюмдун маалыматына караганда, уланып жаткан жаңжал 162 өлкөдөгү ондогон миллион адамга таасирин тийгизүүдө. Айрыкча Перс булуңундагы өлкөлөр, Азия, Африка жана чакан арал мамлекеттери кооптуу абалда.

БУУнун өкүлдөрү убактылуу элдешүү болгонуна карабастан, согуштун кесепеттери курч баскычтан узакка созулган баскычка өтүп жатканын белгилешти. Бул абал канчалык узакка созулса, жакырчылыктын өсүү коркунучу ошончолук күчөйт. Эң начар сценарийде дагы 32 млн адам жакырчылыктын чегине жетиши мүмкүн.

Баяндамада эң чоң сокку жаңжалга түздөн-түз аралашкан өлкөлөргө жана энергия булактарын импорттогон мамлекеттерге тийип жатканы айтылат. Бирок андан алыс жайгашкан жакыр өлкөлөр да олуттуу узак мөөнөттүү зыянга учурашы мүмкүн. БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Александр Де Кро согуш бир нече жуманын ичинде өлкөлөр көп жылдап курган жетишкендиктерди жок кыла аларын билдирди.

Анын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун кесепеттери энергия менен азык-түлүк кымбаттаганда аны жеңүүгө мүмкүнчүлүгү аз болгон мамлекеттерге өзгөчө оор тиет. Ошондуктан мындай өлкөлөр азыркы бааларды кармап туруунун же келечекте саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жумуш орундарын каржылоонун ортосунда тандоо кылууга мажбур болууда. Кесепеттерди жеңилдетүү үчүн БУУ эң оболу аз камсыз болгон жана аялуу үй-бүлөлөргө убактылуу жана даректүү акчалай жардам берүүнү сунуштайт. Бул үчүн 6 млрд долларга чейин каражат талап кылынышы мүмкүн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»