14:34, 15-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:48, 15-апрель, 2026 (24 адам окуп жатат)
Камчыбек Ташиев дагы бир кызматын тапшырды
13:38, 15-апрель, 2026 (13 адам окуп жатат)
«АКИpress'ке» жумушка чакырабыз
09:45, 15-апрель, 2026 (13 адам окуп жатат)
Эдил Байсаловдун ордуна ким дайындалды?

Министр, депутаттар айылдын 1 чакырым жолун жасап коюп «мени шайла» дешет экен, - президент

На русском
10:29, 14-апрель, 2026 701

АКИpress - Чоң-Алай районунун тургуну 3 чакырым жолдун 1 чакырым асфальтталса калганы шагыл боюнча турганын айтты. 13-апрелде жергиликтүү тургундар менен жолуккан президент Садыр Жапаров транспорт министри Талантбек Солтобаевге кайрылды.

«Акыркы 5 жылдан бери какшап айтып келе жатам. 1 чакырымдык жол жасабагыла деп, мына дагы бир мисал. Ал жол 5 эсе кымбат болот. Эмне үчүн айылдагы жолдорго 1 чакырымына асфальт салып коюп анан кетип калышат? Министрби, депутатпы - айылдын чок ортосундагы 500 м, 1 чакырым болгон жолун жасап коёт экен дагы анан барып "мен жасадым, мени шайлап кой" дейт экен. Ал жол 5 эсе кымбат чыгым менен салынат. Эң аз дегенде 5-10 чакырымдык жол салынышы керек. Ал жерге асфальт-бетон салынат, ошончо техника, инерттүү материалдар алып барылат. Ошондо гана өздүк наркы арзан болот.

Какшап келатамын, дагы деле 1 чакырымдык жолду сала коймой адатыңар бар экен. Айылдын ичине кирдиңби, анда бардык жолун жасап чык, жолдору чаң басып жатпасын», - деген ажо министрге эскертүү берди.

Министр асфальт-бетон чыгарган заводдор 10 жерге — жолдор көп курулган аймактарга жайгашканын айтып, айылдарга ташып баруу жогору чыгым болорун белгиледи.

Президент ушул маселени айтып жатканын белгилеп, министрликке «депутаттын, министрдин суранычы» менен жол салбоону тапшырды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»