20:26, 14-апрель, 2026

Алайда президентке айдоочулук күбөлүк тууралуу суроо берилди

На русском
10:17, 14-апрель, 2026 521

АКИpress - Президент менен Алай районунун тургундарынын жолугушуусунда жаңы айдоочулук күбөлүк тууралуу суроо берилди.

Жергиликтүү тургун Европа менен Россия Кыргызстандын жаңы айдоочулук күбөлүктөрүн таанып-тааныбаганына кызыкты.

Садыр Жапаров: «Онлайн кезек боюнча тууралуу айтайын. Мурда жерине барып жүрсөнөр, азыр «Түндүк» тиркемеси аркылуу үйдөн эле  айдоочулук күбөлүк, унааларды каттай аласыңар. Биз санариптешүүгө өттүк. 50 жашка чейинкилер электрондук түрдө ала алышат. Ал эми 50 жаштан жогоркуларды калтырып койдук. Анткени баары эле компьютерди билбейт. 50 жаштан жогоркулар оффлайн тейленет. 

Айдоочулук күбөлүктү дүйнө жүзү тааныды. Ар бир реформа жасаганда ызы-чуу болот. Ызы-чуунун артында ким турат? Цемент болуп отуруп калган коррупционерлер турат. Акчанын агып келген линияларынын баарын чөнтөгүнө буруп алган. Реформа кылып талкалап, жаңыдан курайын десек, ошолор кыйкырып чыгат. Паспорт, айдоочулук күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү чет өлкөдөн бастырып келишчү. Ортодо алар акча жечү. 10 сомго бастырып келе турган болсо, 5 сом кошуп айтат. Аны эч ким билбейт. Азыр 100 пайыз өзүбүз басып жатабыз.

Мен Москвадан өз көзүм менен көргөм, ID-кардды 5000 долларга чейин сатчу эле. Праваны 3000 долларга сатчу. Бүт баары жасалма. Коңшу мамлекеттердин жарандары сатып алып, кыргыз жаранымын деп айдап жүрчү. Анткени биз ЕАЭБге кирчүбүз, Россияда полиция кызматкерлери кыргыз жарандарын көп карачу эмес, башка мамлекеттердин жарандарына катуу карагандыктан, сатып алышчу. Ошол үчүн өзүбүз паспорт чыгара баштадык. Ушунчалык кыйын болду. 2-3 жыл күрөштүк. 

Азыр жасалмалоого мүмкүн эмес. Коргоо элементтери аябай көп. 

Айдоочулук күбөлүктү толугу менен алмаштырып бүткөндөн кийин эскилерин жокко чыгарып, бардык өлкөлөргө кат жөнөтөбүз. Буга 5-6 жыл убакыт кетет. Эртең эле тазалана кое албайбыз».

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»