19:25, 14-апрель, 2026

Алтын кендеринин кирешесине айыл өкмөт, аким, губернаторлордун тиешеси жок, - президент

09:54, 14-апрель, 2026 332

АКИpress - Кабак айылынын тургундарына жана районго алтын заводдон пайда түшпөйт, деди Чоң-Алай районунун тургуну кечээ, 13-апрелде президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда.

Садыр Жапаров тургундун пикири менен макул эместигин билдирди.

«2021-2022-жылдан баштап бардык алтын, көмүр, баалуу металл казган кендерди өкмөт көзөмөлгө алган. Алар руданы алып чыгат, иштетет анан кайра келип отчетун берип, салыгын төлөйт. Мисалы рудада 6 грамм алтын болсо, лабораторияга тыйын берип, 2-3 грамм деп айттыртып чыгып кетип жүрүшкөн.

Азыр андай эмес, азыр өкмөттүк лаборатория иштетй. 3 болсо 3, 8 болсо 8 деп отчет берилет. Ошондон салык түшөт, ал салык республикалык бюджетке түшөт. Суу, мектеп, жол деп жатасыздар. Мына ошолордун баары ушул акчаларга жасалат. Жергиликтүү айыл өкмөт, аким, губернаторлордун ага тиешеси жок. Ал жерде республикалык деңгээлдеги көзөмөл бар», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»