02:09, 16-апрель, 2026

Унаа алдамчылыгына шектелген жаран кармалды

На русском
09:13, 14-апрель, 2026 253

АКИpress - Унаа алдамчылыгына шектелип, издөөдө жүргөн адам кармалды, деп билдирди Бишкек милициясы.

2025-жылдын 27-ноябрында Ленин райондук милициясына бир жаран кайрылган. Арыздануучунун айтымында, М.Б. аттуу жаран Гагарин көчөсүндөгү автосалондон андан 15 автоунааны жалпы 250 миң долларга кыска мөөнөттүү карызга алган. Бирок өз милдеттенмесин аткарбай, изин жашырган.

Милиция кызматкерлери 1974-жылы туулган Б.М.ны кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»