09:59, 15-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
09:45, 15-апрель, 2026 (65 адам окуп жатат)
Эдил Байсаловдун ордуна ким дайындалды?
15:09, 14-апрель, 2026 (18 адам окуп жатат)
30 жаштагы Момбеков вице-мэр болду
10:31, 13-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Президент кимдерге жер бекер бериле турганын айтты

Талдык ашуусуна тоннель салынат, - президент

На русском
08:43, 14-апрель, 2026 782

АКИpress - Талдык ашуусуна тоннель салынарын 13-апрелде президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Жергиликтүү тургундардын бири Үч-Коргон—Дароот-Коргон жолу көп жылдан бери пайдаланууга бериле электигин айтты.

Президент транспорт министри Талантбек Солтобаевден бул долбоордун аткарылышы тууралуу сурады.

Министр жолдун узундугу 120 чакырым экенин, 2025-жылы долбоорлоо иштери аяктап, анын жыйынтыгында долбоордун баасы 8,5 млрд сом деп бааланганын билдирди [салыштыруу үчүн: Жол фондунун 2026-жылга болжолдонгон бюджети 7,9 млрд сом — ред.].

Солтобаев бул долбоор боюнча инвестор изделип жатканын кошумчалады жана учурда республикалык жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын түшүндүрдү.

«Ушул себептен улам биз баскыч менен кароого же инвестор издөөгө аргасызбыз. Жол өтө татаал, деңиз деңгээлинен 3600-3700 метр бийиктикте жайгашкан», - деп түшүндүрдү министр.

Президент Талдык ашуусуна тоннель куруу пландары бар экендигин эске салды.

Министр бул долбоор азырынча идея баскычында экенин, техникалык-экономикалык негиздемеси али жүргүзүлө электигин айтып жооп берди. Солтобаев өтмөктүн узундугу 7-8 чакырым болорун, бул ашуу аркылуу өтүүчү жолду 20-25 чакырымга кыскартаарын билдирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»