20:41, 14-апрель, 2026

Талдык ашуусуна тоннель салынат, - президент

На русском
08:43, 14-апрель, 2026 724

АКИpress - Талдык ашуусуна тоннель салынарын 13-апрелде президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Жергиликтүү тургундардын бири Үч-Коргон—Дароот-Коргон жолу көп жылдан бери пайдаланууга бериле электигин айтты.

Президент транспорт министри Талантбек Солтобаевден бул долбоордун аткарылышы тууралуу сурады.

Министр жолдун узундугу 120 чакырым экенин, 2025-жылы долбоорлоо иштери аяктап, анын жыйынтыгында долбоордун баасы 8,5 млрд сом деп бааланганын билдирди [салыштыруу үчүн: Жол фондунун 2026-жылга болжолдонгон бюджети 7,9 млрд сом — ред.].

Солтобаев бул долбоор боюнча инвестор изделип жатканын кошумчалады жана учурда республикалык жолдорду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын түшүндүрдү.

«Ушул себептен улам биз баскыч менен кароого же инвестор издөөгө аргасызбыз. Жол өтө татаал, деңиз деңгээлинен 3600-3700 метр бийиктикте жайгашкан», - деп түшүндүрдү министр.

Президент Талдык ашуусуна тоннель куруу пландары бар экендигин эске салды.

Министр бул долбоор азырынча идея баскычында экенин, техникалык-экономикалык негиздемеси али жүргүзүлө электигин айтып жооп берди. Солтобаев өтмөктүн узундугу 7-8 чакырым болорун, бул ашуу аркылуу өтүүчү жолду 20-25 чакырымга кыскартаарын билдирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»