05:18, 16-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:38, 15-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
«АКИpress'ке» жумушка чакырабыз
09:45, 15-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Эдил Байсаловдун ордуна ким дайындалды?
15:51, 15-апрель, 2026 (2 адам окуп жатат)
Видео — Камчыбек Ташиев дагы бир кызматын тапшырды

Вадим Такменев кыргызстандык таланттуу балдарды жаңы шоуга чакырат

На русском
20:27, 13-апрель, 2026 612

АКИpress - Вадим Такменев «Номад ТВ» каналындагы «Ты супер! Кыргызстан» шоусуна таланттуу балдарды чакырат.

Долбоорго турмуштук оор кырдаалдарга карабастан, ырдоо жана үнүн дүйнөгө угузуу кыялынан кайтпаган 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр катыша алышат.

Бул долбоор өлкөгө жаңы ысымдарды ачып, балдарга чоң сахнага чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул жөн гана конкурс эмес. Бул — кыялдар, өзүнө болгон ишеним жана кандай гана кыйынчылыктар болбосун, алдыга карай кадам таштоо тууралуу окуя. Долбоорго өзүн көрсөтүүгө жана потенциалын ачууга даяр болгон өлкөнүн ар тарабынан келген таланттуу балдар катышат.

Кастингдин башталганын белгилүү россиялык журналист, «Ты Супер» шоусунун туруктуу алып баруучусу Вадим Такменев жарыялады.

Толук маалымат super.nomadtv.kg сайтында.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»