16:49, 13-апрель, 2026

Президент «ЭМАКОМдун» үйлөрүн камактан бошотуп, техпаспорт берүүнү тапшырды

На русском
13:25, 13-апрель, 2026 495

АКИpress - Ош шаарынын тургуну 12-апрелде президент Садыр Жапаров менен жолугушууда «ЭМАКОМ» компаниясы тарабынан курулган турак жайларга документтерди тариздеп берүү маселесин чечүүнү өтүндү.

Анын айтымында, Алымбек датка көчөсүндөгү №351 үй, пайдаланууга берилгенине карабай, 1 жылдан бери техникалык паспортун ала албай келет. Компаниянын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Баткендеги башка курулуш объекттеринде да ушундай кырдаал байкалууда.

««ЭМАКОМ» компаниясынын бардык үйлөрү камакта турат. Эгер бүткөн үйлөрдү камактан чыгарса, анда жашап жаткан адамдар документтерин тариздеп, төлөмдөрдү уланта алышмак», - деди ал.

Анын айтымында, жаңы жагдайлар жана объект пайдаланууга берилгенине карабастан, Жогорку сот ишти кароону аягына чыгара элек.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев президенттин тапшырмасы боюнча 2025-жылы компаниянын бардык бүткөн, жашап жаткан тургундары бар үйлөрү пайдаланууга бериле турганын айтты.

Бирок, анын айтымында, мурда козголгон кылмыш иштерине байланыштуу мурдагы куруучулар боюнча объекттер камакта калууда, бул кадастр органдарына техникалык паспортторду берүүгө тоскоол болууда.

«Эгер камак маселеси чечилсе, техникалык паспортторду берсек болот», — деди министр.

Президент Садыр Жапаров тийиштүү органдарга — сот, Курулуш министрлиги, прокуратура, ошондой эле укук коргоо органдарына — маселени биргеликте карап, чечим иштеп чыгууну тапшырды.

«Чогулуп, жыйын өткөрүп, талкуулап, чечкиле. Бул маселее миң жылдап созулбай, чечилиши керек. Аткарылышы жеке өзүм көзөмөлдөйм», - деди ал.

Маселе тууралуу

2024-жылдын сентябрь айында «Эмаком Холдинг» курулуш компаниясынын мурдагы уюштуруучусу жана башкы директору кармалган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, шектүү жаран батирлерди берүүнү убадалап, үлүшчүлөргө 61 млн сомдон ашык материалдык зыян келтирген.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Эмаком» курулуш компаниясы» ЖЧКсы 2017-жылдын 21-сентябрында катталып, андан кийин 2019-жылдын 12-февралында кайра катталган. Компаниянын уюштуруучусу — Жусупов Мелис Ромидинович, жетекчиси — Жусупов Эмилбек Рамидинович.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев жабырлануучуларга керектүү документтерди чогултууга жардам берилип жатканын билдирген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»