17:06, 13-апрель, 2026

Кыргызстандын хоккейчилери экинчи дивизиондогу ордун сактап калышты

На русском
13:06, 13-апрель, 2026 256

АКИpress - Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын экинчи дивизионундагы ордун сактап калды.

Кыргызстандыктар экинчи дивизиондун В тайпасынын турниринде ойноду, мелдеш 6-12-апрелде Софияда (Болгария) алты команданын катышуусунда өттү.

Кыргызстан курама командасы Болгарияны 5:3 эсебинде жеңип, андан кийин Кытай Тайбэйине (1:5) жана Исландияга (3:6) утулуп калды. Ошондой эле төртүнчү турда Израил курама командасына жеңилип, акыркы беттеште Жаңы Зеландияга утулушту.

Эгерде жаңы зеландиялыктарды утушса, 3-орунга ээ болушмак.

Кыргызстан курама командасы төрт упай менен турнирдик таблицада 5-орунду ээледи, ушуну менен бул дивизиондогу ордун сактап калды.

Дивизиондун чемпиону Израил курама командасы болду.  Акыркы 6-орунду Кытай Тайбэйинин курама командасы ээледи, алар үчүнчү дивизионго түшөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»