16:19, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:11, 13-апрель, 2026 (128 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат кызматка дайындалды
12:16, 13-апрель, 2026 (119 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
11:06, 13-апрель, 2026 (62 адам окуп жатат)
Бишкекте сирень үзгөн адам 5500 сом айыпка жыгылды

Көлдөргө 1,8 млн чабак коё берилди, - Айыл чарба министрлиги

На русском
10:54, 13-апрель, 2026 432

АКИpress - 8-9-апрелде 1 млн 800 миң даана май-канат балыгынын чабагы көлдөргө коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Иш-чара «Соң-Көл балык чарбасы» мамлекеттик ишканасы тарабынан 2025–2026-жылдарга балык ресурстарын жасалма жол менен көбөйтүү боюнча планга ылайык жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, чабак төмөнкү көлмөлөргө чыгарылды:

  • Соң-Көл көлүнө — 800 миң;
  • Чоң-Ара-Көл көлүнө — 500 миң;
  • Кичи-Ара-Көл көлүнө — 500 миң.

Бул иш-чарага Балык өнөр жайы комплекси департаментинин штаттан тышкаркы кызматкерлери да катышты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»