13:17, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
10:31, 13-апрель, 2026 (39 адам окуп жатат)
Президент кимдерге жер бекер бериле турганын айтты
11:06, 13-апрель, 2026 (16 адам окуп жатат)
Бишкекте сирень үзгөн адам 5500 сом айыпка жыгылды
12:16, 13-апрель, 2026 (12 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
13:11, 13-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат кызматка дайындалды

АКШ менен Иран 21 сааттык сүйлөшүүдөн кийин келишимге келе алышкан жок

На русском
13:41, 12-апрель, 2026 544

АКИpress - Пакистанда узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Иран менен согушту токтотуу боюнча макулдашууга мүмкүн болбогонун АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс билдирди. Бул тууралуу «CNN» агенттиги жазды.

Исламабаддагы сүйлөшүүлөр 21 саатка жакын созулган.

Вэнстин айтымында, Иран өзөктүк куралдан баш тартууга макул эмес. Анын белгилешинче, АКШ акыркы жана эң жакшы сунушту берген, бирок Тегеран аны кабыл алган эмес.

Жаңы сүйлөшүү  азырынча пландалган жок. Ирандын басылмалары бул ийгиликсиз сүйлөшүүлөрдү Вашингтондун өтө эле көп талаптары менен түшүндүрүп жатышат. Мурда жарыяланган эки жумалык ок атышууну токтотуу режими жана Ормуз кысыгы суроо алдында турат. Ирандагы булактар Тегерандын кысыкка карата позициясы АКШдан жеңилдик болмоюнча өзгөрбөй турганын билдиришүүдө.

АКШнын президенти Дональд Трамп Майамидеги «UFC» беттештерине бара жатып кырдаалга кыскача комментарий берип, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы ага принципиалдуу мааниге ээ эместигин билдирген.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги болсо сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болгонуна карабастан ок атышууну токтотуу режимин сактоо зарылчылыгын талап кылууда.

Мамлекеттик департаменттин мурдагы өкүлү Аарон Дэвид Миллер «CNN » эфиринде Иран АКШнын кысымына карабай күчтүү позицияны сактап, келишимге шашпай жатканын билдирди.

Ошол эле учурда АКШнын борбордук командачылыгы Ормуз кысыгын минадан тазалоо иштери башталганын билдирди. Америкалык аскерлердин маалыматы боюнча, айрым кемелер дагы деле өтө албай жатат, бирок кеме жүрүүчү жолду калыбына келтирүү боюнча операция жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»