АКИpress - Министрлер кабинети Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагындагы 13,9078 гектар сугат айдоо жерин Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которду.
Тиешелүү токтом 2026-жылдын 31-мартында кабыл алынган.
Документке ылайык, жерлерди трансформациялоо индустриалдык-логистикалык соода борборун куруу үчүн жүргүзүлдү. Кеп мамлекеттик менчиктеги Кара-Суу шаарынын аймагындагы №136 контурдагы 11,65 гектар жер жана Савай айыл аймагындагы №571 контурдагы 1,97 га жана №570 контурдагы 0,2878 га жер тууралуу болуп жатат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
⛶