16:02, 13-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
13:11, 13-апрель, 2026 (186 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат кызматка дайындалды
12:16, 13-апрель, 2026 (149 адам окуп жатат)
Кубанычбек Атажанов кызматтан бошотулду
11:06, 13-апрель, 2026 (86 адам окуп жатат)
Бишкекте сирень үзгөн адам 5500 сом айыпка жыгылды
10:31, 13-апрель, 2026 (15 адам окуп жатат)
Президент кимдерге жер бекер бериле турганын айтты

Кара-Сууда индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн 14 гектарга жакын жер трансформацияланды

На русском
10:17, 12-апрель, 2026 409

АКИpress - Министрлер кабинети Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагындагы 13,9078 гектар сугат айдоо жерин Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которду.

Тиешелүү токтом 2026-жылдын 31-мартында кабыл алынган.

Документке ылайык, жерлерди трансформациялоо индустриалдык-логистикалык соода борборун куруу үчүн жүргүзүлдү. Кеп мамлекеттик менчиктеги Кара-Суу шаарынын аймагындагы №136 контурдагы 11,65 гектар жер жана Савай айыл аймагындагы №571 контурдагы 1,97 га жана №570 контурдагы 0,2878 га жер тууралуу болуп жатат.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»