11:42, 12-апрель, 2026

Раззак Бейшекеев дүйнөлүк рейтингинде 4-орунга көтөрүлдү

На русском
10:07, 12-апрель, 2026 258

АКИpress - Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Бириккен күрөш дүйнөсүнүн дүйнөлүк рейтингинде 4-орунга чыкты.

Жаңыланган рейтинг Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын жыйынтыгы менен түзүлдү.

Кыргызстандык спортчу 67 кг чейинки салмак категориясында катышып, алтын медаль уткан. Бул жеңиши үчүн ал 10 000 упай алып, 4-орунга көтөрүлдү.

Буга чейин Бейшекеев рейтингде 7-орунда турган болчу.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»