03:38, 12-апрель, 2026

Асан Жанышов дүйнөлүк рейтингте 2-орунга көтөрүлдү

На русском
18:01, 11-апрель, 2026 714

АКИpress - Кыргызстандык спортчу Асан Жанышов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде 2-орунга көтөрүлдү.

Жаңыланган рейтинг ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Анда Жанышов 87 кг чейинки салмак категориясында 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

Чемпиондук наам жана алтын медалдан тышкары ал 10 000 рейтингдик упайга ээ болду. Мунун аркасында кыргызстандык балбан жалпы 50 000 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде 2-орунга чыкты. Ал лидерликте турган сербиялык Александр Комаровдон болгону 50 упайга гана артта калууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»