АКИpress - Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анджелесте (АКШ) өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында айтты.
«Кудай буюрса, 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышам. Спортко кайтып келем», - деди Тыныбекова.
Спортчу 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган Париж олимпиадасынан кийин спорттук карьерасын убактылуу токтоткон болчу. Тыныбекова Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти болуп дайындалып, андан соң турмушка чыгып, перзенттүү болгон.
Олимпиада оюндарына катышуу үчүн атайын лицензия утуу зарыл.