19:22, 11-апрель, 2026

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиадага катышуу ниетин тастыктады

На русском
17:46, 11-апрель, 2026 214

АКИpress - Айсулуу Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анджелесте (АКШ) өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында айтты.

«Кудай буюрса, 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышам. Спортко кайтып келем», - деди Тыныбекова.

Спортчу 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган Париж олимпиадасынан кийин спорттук карьерасын убактылуу токтоткон болчу. Тыныбекова Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти болуп дайындалып, андан соң турмушка чыгып, перзенттүү болгон.

 Олимпиада оюндарына катышуу үчүн атайын лицензия утуу зарыл.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»