АКИpress - Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча 77 кг чейинки салмак категориясында дүйнөлүк рейтингге кайтып келди.
7-апрелде кыргызстандык балбан Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медаль уткан. Махмудов төрт беттеште жеңишке жетип, 1-орунду ээлеп, Азия чемпионаттарындагы төртүнчү алтын медалын тагынды.
Чемпиондук наам жана алтын медалдан тышкары Махмудов 10 000 рейтингдик упайга ээ болду. Бул упайлар ага дүйнөлүк рейтингге кайтып келүүгө шарт түздү. Учурда ал 23-орунда турат.