АКИpress - Кыргызстанда Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу дарыгерлерге жана мугалимдерге кезексиз 5000 батир берүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ошто тургундар менен болгон жолугушууда билдирди.
Ош шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын дарыгери Зарина Бакирова коронавирус илдетин алгачкылардан болуп аныктаганын айтты. Анын айтымында, учурда ал МИКте 434-кезекте турат жана мөөнөтү 2029-2030-жылдары гана келиши мүмкүн. Ал системада 20 жылдан бери эмгектенип келе жатканын белгилеп, президенттен кезегин тездетүүнү суранды.
Буга жооп катары мамлекет башчысы дарыгерлер менен мугалимдерди кезексиз турак жай менен камсыздоо пландалып жатканын айтып, дарыгерди бул тизмеге киргизүүнү тапшырды.