05:56, 12-апрель, 2026

Баткен шаарында жаңы 10 миң орундуу футбол стадиону курулууда

На русском
14:43, 11-апрель, 2026 342

АКИpress - Баткен шаарында жаңы футбол стадионунун курулушу жүрүп жатат.

Кыргыз футбол союзу билдиргендей, 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан арена 100 миң чарчы метр аянтты ээлейт. Стадиондун аймагында үч машыгуу талаасы, төрт кичи футбол аянтчасы жана кийим алмаштыруучу бөлмөлөр болот. Стадионго заманбап жарыктандыруу системасы орнотулуп, бул оюндарды кечки убакта өткөрүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары аренанын аймагында 100 кишилик мейманкана жана 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»